Жүрөк кемтиги менен жабыркагандарга бекер операция жасалмай болду

Жүрөк кемтиги менен жабыркагандарга бекер операция жасалмай болду
14-Ноя. 2018, Шаршемби, 13:27

Тубаса жүрөк кемтиги менен жабыркаган кыргызстандык кичинекей төрт балага акысыз операция жасоо үчүн Түштүк Кореяга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын “Кызыл жарым ай коому” кабарлады.

Маалыматка караганда, кечээ, 13-ноябрда дарыланууга муктаж балдар Кореяга учуп кетишкен. Операцияга байланыштуу бардык чыгымдарды, тагыраагы медициналык кызмат көрсөтүү, транспорт жана алардын жашоосуна сарпталчу каражатты "Гиль" клиникасы көтөрөт. Бул акциянын негизги масаты – наристелерге жаңы жашоо тартуулоо. Балдарды тандоодо үй-бүлөсүнүн турмуш абалы, жашоо шарттары эске алынган.

2010-жылдан 2018-жыл аралыгында Түштүк Кореяга 45 адам бекер операция жасатууга жөнөтүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!