Мэр Бишкектин бардык райондорунда ыкчам штабдарды түзүүнү тапшырды

Мэр Бишкектин бардык райондорунда ыкчам штабдарды түзүүнү тапшырды
14-Ноя. 2018, Шаршемби, 14:37

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бѳлүмдѳрдүн жетекчилерине кезектеги пландык жыйынын ѳткөрүп, ар бир райондун акимиаттарында кыш мезгилинде турак жай-коммуналдык чарба маселелерин ыкчам чечүү жана иштеп чыгуу үчүн штабдардарды түзүүнү тапшырды.

Бишкек мэриясынан кабарлагандай, пландык жыйындын башында аба-ырайынын ѳзгѳрүшүнѳ байланыштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын жолдорун кардан тазалоо, ошондой эле, «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын түнкүсүн тышкы жарыктандырууну берүү боюнча маалыматтары угулду. «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директорунун айтуусу боюнча, ишкананын кызматкерлери күнү-түнү шаардын жолдорун, тротуарларын кардан жана муздан тазалоодо.

Финансы министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Искендер Аденовдун айтымында, иш жүзүндѳ бюджетке түшкѳн каражат 5 664,4 млн. сомду түзѳт. План боюнча 6 124, 6 млн. сом. Бул кѳрсѳткүч пландын 92,5% аткарылгандыгын билдирет.

Билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Наталья Никифирова мектептерде бюджеттен тышкаркы каражаттын булагы коомдук бирикмелерден жана фонддордон келген каражат экендигин билдирди. Мындай бирикмелер шаардын 160 билим берүү уюмунда: 83 мектеп, 76 бала бакча жана 1 балдар чыгармачылык борборунда түзүлгѳн.

Жыйындын соңунда шаар мэри мектептерде каражат чогултууну ачык кылып, банк, касса аркылуу жүргүзүүнү, ошондой эле, шаардын бюджетинин киреше бѳлүгүн толук аткарууну тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!