Суукка байланыштуу троллейбустар 22:00гө чейин жүрөт

Суукка байланыштуу троллейбустар 22:00гө чейин жүрөт
14-Ноя. 2018, Шаршемби, 18:58
Бишкекте калкты тейлеген троллейбустар аба-ырайы суук болуп жатканына байланыштуу түнкү саат 22:00гө чейин каттамда болот. Бул тууралуу "Бишкек троллейбус" башкармалыгы кабарлады.

Азыркы учурда 90 автобус, 121 троллейбус жана 1806 кичиавтобус шаар тургундарын жана конокторун тейлөөдө. Каар жаап, аба-ырайы кескин өзгөргөндүктөн тыгындар пайда болуп, аялдамаларда коомдук транспорт күткөн көнүнүштөр байкалууда.

Эгер транспорт иши боюнча маселе жаралса (0555) 33-00-31 WhatsApp номери аркылуу кайрылууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!