Жээнбеков атайын кызматтардын жетекчилерин кабыл алды

Жээнбеков атайын кызматтардын жетекчилерин кабыл алды
15-Ноя. 2018, Бейшемби, 10:16

Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 14-ноябрда Кыргызстанда өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын 21-Конференциясынын катышуучуларын кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

«Сиздердин атайын кызматтардын жыл сайын жолугушчу 20 жылдык салттарын сактап, кызматташтыкты бекемдеп жана өнүктүрүп, тажрыйба алмашып, улуттук, аймактык жана глобалдык көйгөйлөрдүн кеңири спектрин талкуулап жатканыңарга кубанычтабыз», — деп айтты Жээнбеков жана бул конференция бүт аймак үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи.

Ал белгилегендей, аймактын бардык мамлекет башчылары эң оболу бир тууган элдердин коопсуздугун камсыздоого багытталган атайын кызматтардын тыгыз жана натыйжалуу аракеттешүүсүнө өзгөчө маани беришет.

«Ар кандай деструктивдүү уюмдардын максаттары карапайым калктын тынчтыкта жашоо, эртеңки күнгө ишенимдүү кароо, билим алуу, балдарын тарбиялоо деген сыяктуу жөнөкөй каалоолоруна каршы келет. Бирдиктүү гана аракеттер менен коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөштө маанилүү жыйынтыктарга жетишүүгө болот. Сиздердин деңгээлдеги мамлекеттер жана ведомство аралык кызматташтык мамлекеттердин коопсуздугун камсыздоо ишинде маанилүү натыйжаларды берет деп ишенем», — деп белгиледи Президент жана ийгиликтерди, жемиштүү ишмердик каалады.

УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын 21-Конференциясынын ишмердиги тууралуу маалымат берип, төрагалык Кыргызстандан Азербайжанга өткөнүн белгиледи.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!