Сузакта жер көчкү түшүү коркунучу байкалууда

17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Сузак айыл аймагында 16-апрелде Кыр-Жоол айылынын Жапан участкасында көзөмөлдө болуп келген жерден, көлөмү болжол менен 18 миң кубометр жер көчкү түшүү коркунучу байкалган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, эгерде аталган жер көчкү жүрүп кетсе Чангет-Сай суусунун нугун тороп калуусу жана кооптуу аймакта жайгашкан 2 турак-жайга коркунуч жаратуусу мүмкүн.

Жарандык коргонуу комиссиясы жана ӨКМдин кызматкерлери барып кооптуу аймакта жайгашкан 2 турак үйдүн жашоочулары туугандарынын үйүнө көчүрүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!