Президент:"Исламды жамынып салттарын киргизүүнү көздөгөндөр бар"

Президент:
15-Ноя. 2018, Бейшемби, 13:57

Кыргызстан көп улуттуу жана көп диндүү өлкө катары калыптанды. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарында "Ала-Арча" резиденциясында "Ислам азыркы светтик мамлекетте" II эл аралык конференциясыда сүйлөп жатып билдирди.

"Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийинки мезгилде кандай өзгөрүүлөр болду? Өлкөбүздө диний чөйрөгө толук эркиндик берилип, көп конфессиялуу мейкиндик калыптанды. Конфессиялар жана диний уюмдар эркин өнүгүү багытына түштү. Мамлекет конфессионалдык мамилелерге киришкен жок",- деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстан көп улуттуу жана көп диндүү өлкө катары калыптанды. Коомдун жана мамлекеттин турмушуна диндин тийгизген таасиринин жакшы жактары көп болду. Ал жарандарды интеграциялоонун кошумча институту болуп калды. Ошол эле учурда, берилген эркиндиктердин арты менен, көп сандаган жаңы агымдар, секталар, мазхабдар жана тарикаттар пайда болду. Алардын түпкү максаттары коом үчүн бүдөмүк бойдон калды.

"Айрым уюмдар жана кыймылдар динди саясатташтыруу аракеттерин жасап жатканына да күбө болуп жатабыз. Диндин коомдогу ролун, тарбиялык, ыймандык, адамдарды бириктирүүчүлүк асыл сапаттары айтылбай, ислам динине тиешеси жок нерселерди, догмаларды жабыштырган учурлар аз эмес. Исламды жамынып алып, кыргыз элине өзүнүн салттарын, маданиятын киргизүүнү көздөп жаткандар да бар",- дейт президент.

"Жаштарды заманбап билимден, маданияттан, илимдин жана техниканын жетишкендиктеринен алыстатып жаткандар да жок эмес.Жалпы Борбор Азия регионунда болуп жаткан окуялар, айрым группалардын таасири биздин өлкөгө да жетип жатат. Исламды өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланууга, аны зордук-зомбулуктун, экстремизмдин куралына айландырууга жасаган аракеттердин курмандыгы болгон айрым жарандарыбыз бар",-деп кошумчалады Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!