Антибиотиктерди туура эмес пайдалануу өлүмгө жетелейт

Антибиотиктерди туура эмес пайдалануу өлүмгө жетелейт
15-Ноя. 2018, Бейшемби, 16:44

Антибиотиктерге туруктуулук – абдан чоң көйгөйлүү маселе. Микробко каршы каражаттарга карата туруктуулук коомдо тассир этүү жагын алганда саламаттыкты сактоонун олуттуу көйгөйү болуп саналат. Бул Кыргызстан үчүн да актуалдуу. Мисалы, саламаттыкты сактоо жаатында, ветеринарияда жана айыл чарбасында эч кандай көзөмөл жок эле микробко каршы антибиотиктерди узак мөөнөткө колдонуу микробко каршы дары-каражаттарына карата туруктуу микроорганизмдердин формасын жайылышына алып келет.

Микробко каршы туруктуулуктун жаралуу жана таралуу көйгөйү учурдун эң эле актуалдуу көйгөйүнө айланып, бүтүндөй дүйнө өлкөлөрү үчүн дагы экологиядык жана экономикалык тобокелдиктерди жаратып жатканын айткан Саламаттык сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев айрым ооруканаларда 50 пайыздан ашык учурларда антибиотиктерди рацианалдуу эмес түрдө дайындалган учурлар катталганын бүгүн, 15-ноябрда болгон маалымат жыйында белгилеп өттү:

- Ооруканаларда азыркы күнгө чейин дарыгерлер антибиотиктерди негизсиз дайындап жаткан фактылар кездешүүдө. Башка изилдөө иштеринин жыйынтыгы көрсөткөндөй, табигый жол менен төрөгөн аялдар арасында антибиотиктерди пайдаланууда заманбап сунуштарга жооп берген эмес. Тагыраак айтканда, төрөгөн 13 пайыз аялга гана негиздүү, калган 80 пайыздан ашык төрөгөн аялга негизсиз дайындалган. Ошондой эле хирургиялык кийлигишүүлөр учурунда антибиотиктерди негизсиз түрдө дайындаган учурларды да байкоого болот. Рецептерди жазып берүү эрежесине карата 2015-жылы Өкмөттүн токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, дарыканаларда антибиотиктерди рецепти жок сатып алууга тыя салынган.

Вирус чакырган ооруларга билбестик кылып антибиотик колдоно берсе оору өөрчүшүп отуруп, адам өмүрүн алышы толук мүмкүн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!