Жээнбековдун бир жылдык ишинин жыйынтыктары. Сот реформасы...

Жээнбековдун бир жылдык ишинин жыйынтыктары. Сот реформасы...
20-Ноя. 2018, Шейшемби, 16:06

Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаев президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишинин жыйынтыктары жөнүндө айтып жатып, ал «Сот системасын реформалоонун негизги милдеттеринин бири — судьялыкка талапкерлерди тандоонун сапатын арттыруу менен судьяларга карата ишенимди жогорулатуу. Бул маселеге Президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө көңүл бурат. Талапкерлердин кесипкөйлүгүнө талап жогорулоодо», — деп баса белгилегенин президенттик аппараттан маалымдашты.

Исабаевдин айтымында, жыл бою Судьяларды тандоо боюнча Кеңеши тарабынан Президенттин наамына Жогорку сотунун, анын Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьясы кызматына дайындоо үчүн 89 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Маектешүүнүн жана берилген кошумча материалдарды карап чыгуунун натыйжасында Президент 51 талапкер боюнча Кыргыз Республикасынын судьясы кызматына дайындоого макулдук берди.

«2010-жылы башталган өлкөдөгү соттук-укуктук реформа улантылууда», — деп белгилеп Исабаев, 2016-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан кодекстер жана жазык-укуктук жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзамдар кабыл алынган. Азыр аларды имплентациялоо үчүн Мамлекет башчысы жана Өкмөт тарабынан зарыл чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.

Бөлүм башчысы Президенттин тапшырмасы боюнча кодекстерди жана мыйзамдарды тез арада имплентациялоо үчүн шарттар түзүлүп жатканын белгиледи. Мисалы, быйыл май айында Президенттин алдындагы сот реформасы боюнча Кеңештин жыйыны болуп, анын жыйынтыгында соттук-укуктук реформаны мониторингдөө боюнча эксперттик жумуш тобу түзүлдү.

Мамлекет башчысынын демилгеси менен түзүлгөн мониторинг боюнча эксперттик жумушчу топ (ЭЖТ) реформаны аналитикалык жана эксперттик колдоону, бардык маморгандардын жаңы режимде иштөөгө ырааттуу жана макулдашылган тартипте өтүшүн камсыз кылат.

Исабаев судьялар Кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын ишин белгиледи. Азыркыга чейин Комиссия тарабынан 5 судья ээлеген кызматынан бошотулду, 8 судьяга сөгүш жарыяланды, 15 судьяга эскертүү, 50 судьяга алдын ала эскертүү берилди, 2 судьяны кылмыш жообуна тартууга макулдук берилди.

Стратегия-2040та 2023-жылга чейинки приоритеттер камтылган. Сот системасын өнүктүрүү алардын бири болуп саналат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!