Шыкмаматов: "Текебаевдин иши мунапыска туура келбейт"

Шыкмаматов:
21-Ноя. 2018, Шаршемби, 20:23

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңеште өткөн басма сөз жыйында парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов мунапыс Текебаевдин ишине туура келбестигин белгилеп, анын иши боюнча жаңы ачылган жагдайлар менен ишти кайра кароо керектигин белгиледи.

Анын айтымында, азыр парламентте мунапыс боюнча мыйзам каралып жатат. Бирок, Текебаевдин иши мунапыска туура келбейт.

"Мунапыста Кылмыш жаза кодексинин "коррупция" боюнча 303-беренеси жок. Ошондуктан биз талап кылып жаткан маселе, Текебаевдин иши боюнча жаңы ачылган жагдайлар менен кайра карап чыгууну талап кылып жатабыз. Биз ишти адилеттүү режимде карап чыккыла деп жатабыз",- дейт Шыкмаматов.

Эскерте кетсек, былтыр жазда Өмүрбек Текебаевге "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден "пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!