Ирригациялык түйүндөр оңдолууда

18-Апр. 2017, Шейшемби

Калаанын Курманжан Датка (Алма-Ата) көчөсү Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейин жана Жибек-Жолу проспектиси Курманжан Датка көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейин ирригациялык түйүндөрдү оӊдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук администрациясы тарабынан 2016-жылы «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасына капиталдык оӊдоону талап кылган көчөлөрдүн тизмесинин долбоору жиберилген. Бүгүнкү күндө негизги иштери бүткөрүлүп калды. Азыркы учурда көпүрөлөрдү тазалоо жана гидротехникалык курулмаларды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Бардык пландалган иштер үстүбүздөгү жылдын май айынын аягына чейин бүткөрүлмөкчү.

Мындан тышкары, Жибек-Жолу проспектисиндеги Аламүдүн базарында жана «Табылга» соода борборунда орнотуу иштери өткөрүлүүдө. Жаандын жана толгон суунун агып чыгуусун камсыз кылуу чарба субъектилери менен биргеликте жүргүзүлүүдө жана бул үчүн долбоор иштелип чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!