Жасалма доллар колдонгондор кармалды

18-Апр. 2017, Шейшемби

Ошто жасалма банкноттогу 8,5 миң долларды пайдаланууга шектелген жарандар колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы лотерея оюн-зоок клубдарынын биринин администратору милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында, белгисиз жарандар ири суммадагы лотерея алышып, аны ойнотуп, бирок алар кеткенден кийин алардын төлөгөн акчалары жасалма болуп чыккандыгын билдирип, алардын үстүнөн чара көрүп берүүнү суранган.

Ош ШИИБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында 38 жаштагы мурда соттолгон Кара-Суу районунун тургуну жана 40 жаштагы жердеши кармалган.

«Кармалган жарандар өз көрсөтмөлөрүндө аталган акчаны чындап эле уттуруп жиберишкендигин моюнуна алышты. Бирок акчалардын жасалма экендигин билишпегендиктерин, акчаны башка адамдан алышкандыктарын айтышууда», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүү эки адамды тергөө амалдары аяктаганга чейин абакта кармоого санкция берилген деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!