Чеберлердин колунан жасалган килемдер

18-Апр. 2017, Шейшемби

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) региондордо салттуу билимдер боюнча потенциалдуу өтүнүүчүлөрдү табуу, муундан муундарга өткөрүп берилүүчү кыргыз элинин мурастарын сактоо жана салттуу билимдерин документештирүүдө көмөк көрсөтүү максатында, Кыргызпатенттин адистери алыскы Баткен облусунун Лейлек районунда бир жумалык иш сапарында болушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызпатенттин салттуу билимдер боюнча базасында мындан ары материалдарды архивдөө үчүн кыргыз элинин салттуу билимдерин жана салттуу маданиятын билдирүүнү документтөө иш сапардын негизги максаты.

Килем токуучулук Баткен облусунун Лейлек районунун мекени болуп саналат. Килемдердин тарыхы бир нече миң жылдарды түзгөндүктөн, бүгүнкү күндө алар чоң ар түрдүүлүктө көрсөтүлгөн. Килемдердин ар түрдүүлүгү кенен тандоого жасоо ыкмасы, саркечтиги, кооздугу жана керектелүүсү боюнча бөлүүгө мүмкүндүк түзөт. Жогоруда айтылган айылдарда кыргыздын салттары элдик колдонулуучу чеберчилиги түрүндө килемдердин үч түрүндө көрсөтүлгөн – жүл, араби жана помбаркыт. Бул кол өнөрчүлүк менен жергиликтүү тургундар байыртадан бери алектенишет, андыктан түктүү килемдер Баткен облусунун бренди болуп саналат.

Азыркы убакытта Лейлек районун уздары ар кандай көлөмдөгү килемдерди токушат (40х40 см, 40х120 см, 150х300 см жана андан жогору). Дүкөн - аталышындагы жөнөкөй колдо жасалган горизанталдуу станокто токушат. Ал эки кырдуу устундан жана эки темир түтүктөн турат.

Лейлектин килемдери ачык түсү жана геометрикалык ойуусу менен айырмаланат. Адатынча оймонун жана фондун бири-бирине теңдиги дал, кызыл, ток-кызыл түстөр айкалышат жана ачык кызыл түстөр колдонулат. Акыркы кезде нукура койдун жүнүнөн жасалган ак-кара жана боз-күрөң түстөгү кубулуштагы килемдер популярдуу.

Жүндөн ийрилген жипти түйүп, өрүк сөңгөгүнөн жасалган тиштүү кол токмок менен согушат, жипти бычак менен кескилеп, кайчы менен түздөшөт. Көлөмү чоң килемдерди табигый койдун жүнүнөн 4-5 чебер токуйт.

Килемди даярдоодо 15-20 күн сарпталат, чеберлер койдун жүнүн бир канча жолу жууйт, аны ийрүүнүн алдында тытышат, табигый боектор менен керектүү түстө боешот, андан кийин колдо жасалган станоктордо килемди токуйт. Килемдер адатынча узундугу төрт жана эни үч метрди түзөт. Андай килемдин баасы 23төн 30 миң сомго чейин, ошондой эле нукура түстөгү килемдин баасы 30 миңден 50 миңге чейин. Аларга 15 килограммдай жүн жана пахта жип керектелет. Бирок, 20-30 миңдин тегерегинде да килем сатып алса болот, ошондой эле автоунаа үчүн отургуч комплектин 3-4 миңге алса болот.

Ар бир үй-бүлөнүн 12-13 жаштагы кыздары килем токуганды билишет, аларды бул кол өнөрүлүккө эрте жашынан баштап үйрөтүшөт. Жергиликтүү кыздар, өзүнүн табитине жараша жасалгасын жана өңү түсүн терең ойлонуштуруп, сеп катарында килем токушат.

Жүз пайыз жүндөн жасалганы жана жүндүн жаратылыш сапатына байланыштуу бул килемдерди кылымдар бою колдонууга болот. Биздин адистер ага күбө болушту, 81-жаштагы жергиликтүү тургун, өз убагында анын апасына таандык болгон ачык түстөгү мыкты килемди көргөздү. Ал килемди эстелик катары кийинки муунга өткөрүп беришет, айта кетчүү нерсе ал таптакыр жаңы бойдон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!