Кароосуз калган балдар үчүн борбор ачылды

19-Апр. 2017, Шаршемби

Ош шаарындагы эмгек биржасында зордук-зомбулукка кабылган, кароосуз калган балдарды убактылуу кармоочу “Үмүт шооласы” борбору ишке берилди.

Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаеванын айтымында, зордук-зомбулукка кабылган, кароосуз калган балдар үч күндөн, беш күнгө чейин борбордо убактылуу кармалат.

“Турмуштук оор кырдалга кабылган балдарды балдар үйүнө же ата-энесине кайра кайтарып берүүгө комиссиянын жана соттун чечими чыкканга чейин жайгаштырууга жай жок эле. Мына бүгүндөн тарта бул маселе чечилип жергиликтүү бюджеттин, жеке ишкерлердин каржылоосу менен балдарды убактылуу тарбиялоого борбор ачылды. Баардык ыңгайлуу шарты менен, үч маал тамактанышат. Психологдор, тарбиячылар үчүн штат да ачылган”, - деди Токобаева.

Борбордо кыздар жана уул балдар үчүн уктоочу бөлмө, ашкана, жуунуучу жай жана эс алуучу бөлмө бар. Ош шаарында мындай борбор алгачкы жолу ачылып жатат. Борборго келип түшкөн балдар Ош шаарынын дене тарбия жана спорт, жаштар комитеттерине, ошондой эле, маданият башкармалыгынын кызматкерлеринин карамагында болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!