Москвадагы өрт боюнча ишти кароо башталды

19-Апр. 2017, Шаршемби

Москванын Бутыр соту17 адамдын өлүмүнө себеп болгон типографиядан чыккан өрт боюнча ишти карап баштайт. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, экинчи күндөн тарта «Печатный экспресс» типографиясынын директору Сергей Москвинге жана аталган компаниянын башкы инженерине жана өрт коопсуздугу боюнча жооп берүүчү Антон Яцковко байланышкан кылмыш иши боюнча алдын ала соттук угулар болот.

Тергөөнүн пикиринде электр лампасынын иштен чыгышынан өрт чыккан эмес. Имаратта тез тутануучу заттардын сакталышынан улам өрт чыккан. Өзүм билемдик менен имараттын конструкциясын өзгөртүлгөндүктөн, өрт коопсуздугу үчүн жасалган эшик жабык болгон. Ошого байланыштуу жумушчулар өрттөн качып кеттүүгө мүмкүн болбой калган.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 27-августунда Москва шаарындагы «Печатный экспресс» типографиясынан чыккан өрттөн 17 жумушчу каза болгон. Анын он төртү Кыргызстандын жарандары болсо, үчөө россиялык болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!