​Газдан ууланган окуучулардын абалы туруктуу

20-Апр. 2017, Бейшемби

Балыкчы шаарындагы белгисиз газдан ууланган окуучулардын абалы учурда туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-апрелде Балыкчы шаарындагы №3 Абдылдаев атындагы мектебинин 12 окуучусу тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Аларга “белгисиз газдан уулануу” диагнозу коюлган. Окуучулардын бирине алгачкы жардам көрсөтүлүп, амбулаториялык дарылануу сунушу менен жөнөтүлгөн.

“Мектеп окуучулары абанын жетишсиздигин, көкүрөктөрү кысылып ооругандыктарын, тамактарынын кычышуусун, баш оору жана баш айланууларын айтышып кайрылган. Беш бала реанимация бөлүмүнө жаткырылып, бешөө травматология жана эки окуучу терапия бөлүмдөрүнө жаткырылган. Учурда тийиштүү жардамдарды алышууда”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми реанимация бөлүмүндө жаткан 5 окуучу хирургия бөлүмүнө которулуп, дарыланып тиешелүү дары-дармектер камсыздалып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!