Менчикке кеткен мүлктөр мамлекетке кайтарылат

20-Апр. 2017, Бейшемби

Жогорку Кеңеш мамлекеттик мекемелерге тийиштүү жерлерди кайтаруу боюнча токтом кабыл алды. Ага ылайык, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына тиешелүү мүлктөргө ушул жылдын 1-июнуна чейин инвентаризация жүргүзүлүшү керек.

Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, жогорудагы тармактарга таандык обьектилерди менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарды саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт мекемелерине реинвестиция кылуу, мыйзамсыз ижарага берүү, мыйзамсыз менчиктештирген жер тилкелери боюнча жаңы табылган фактылар жөнүндө материалдарды прокуратура органдарына жиберүү сыяктуу бир катар тапшырмалар каралган.

Мамлекеттик мүлк фондунун маалыматына караганда, 1991-жылдан бери 7 миңден ашуун мамлекеттик обьектилер менчиктештирилип кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!