Окуучулар арасында массалык мушташ болду

21-Апр. 2017, Жума

Өткөн жумада Кайыңды шаарында окуучулар ортосунда массалык мушташ орун алган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ведомстоводон билдиргендей, окуудан тарагандан кийин, болжол менен жергиликтүү убакыт боюнча 14:00дө №1 Кайыңды мектеп-гимназиясынын жана Панфилов спорт комплексинин окуучуларынын ортосунда мушташ болгон.

Анын кесепетинен 3 окуучу ар кандай жаракат алып ооруканага түшүшкөн. Ошондой эле дагы бир канчасына амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Учурда аталган министрлик окуу жайдын директорлорунун түшүндүрмөсүн күтүп жатышат.

Белгилей кетсек, мушташка 9-класстан 11-класска чейинки окуучу балдар катышкан. Ал эми ооруканага жалпы 6 окуучу кайрылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!