Бийиктиктен бир адам кулап, каза болду

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Айдаркен шаарында 20 метр бийиктиктен бир адам кулап кетип, каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Айдаркен шаарында Ртутный комбинаттын артындагы бийик тоого 1985-жылы туулган Ю.М.Ю. (эркек) адам тоо чөп тергени чыгып, 20 метр бийиктиктеги тоодон кулап кетип, каза болгон. ӨКМнин өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары каза болгон адамдын жансыз денесин чыгарып, милиция кызматкерине өткөрүп беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!