Мал уурдаган топ кармалды

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Таласта мал уурдап жүргөн эки топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-мартта Талас райондук ички иштер бөлүмүнө Көпүрө-Базар айылынын 50 жаштагы тургуну арызданган. Арызында 19-мартка караган түнү анын короосунан малын уурдап кеткенин айткан. Жергиликтүү милиция кызматкери тарабынан жогорудагы кылмышка шектүү делип, ошол эле айылдын 19 жаш курактагы Э.Э. жана К.Н. аттуу тургундары кармалышкан.

Ошондой эле Кара-Буура районунун ички иштер бөлүмүнө Кара-Сай айылынын 54 жаштагы жашоочусу арызданган. Себеби өткөн жылдын декабрь, февраль айларында арыз ээсинин Беш-Мойнок тоосундагы сарайынан койлорун белгисиз адамдар уурдап кеткен. Келтирилген чыгым болжол менен 80 миң сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча милиция кызматкерлери таранынан Кара-Сай айылынын 17 жаштагы К.Б., Чоң Кара-Буура айылынын 15 жаштагы А.Н. жана 22 жаштагы А.Ч. аттуу тургундары кармалышкан.

Бул фактылар боюнча райондук милиция бөлүмдөрү тарабынан Кылмыш жаза кодексинин «мал уурдоо» боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалгандарга баш коргоо чарасы көрүлүп, алар убактылуу үй камагына алынды, азыркы мезгилде тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!