Жээнбеков УКМКнын төрагасын кабыл алды

Жээнбеков УКМКнын төрагасын кабыл алды
22-Янв. 2019, Шейшемби, 16:42

Бүгүн, 22-январда президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө УКМКнын өткөн жылдагы ишмердигинин натыйжалары, Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы жана 14-декабрындагы чечимдерин ишке ашыруунун алкагында коюлган тапшырмаларды аткаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Кадыркулов Кыргызстан жарандарынын коопсуздугун камсыздоо, ички жана тышкы коркунучтарга, эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча комитеттин ишмердиги жөнүндө маалымат берди.

Мамлекет башчысы өлкөнү санариптештирүү чараларынын алкагында УКМК тиешелүү органдар менен биргеликте киберкоопсуздукту камсыздоо жана Кыргызстандын маалыматтык инфраструктурасын ишенимдүү коргоо маселелеринин үстүндө иштөөсү зарыл экенин белгиледи.

Мындан тышкары, коррупцияга каршы күрөшүү, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоого байланыштуу кызматтык кылмыштардын бетин ачуу боюнча активдүү жумушту улантуу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!