​“Аль-Жазира” 2-көрсөтүүнү эфирге чыгарды (видео)

25-Апр. 2017, Шейшемби

“Аль-Жазира” эл аралык телеканалынын араб редакциясы Кыргызстандын маданиятын, жаратылышын баяндаган тасманын экинчи көрсөтүүсүн эфирге чыгарды.

Биринчи көрсөтүүдө Кыргызстандын тоолору жана көлдөрү, жолун чагылдырган кадрлар Ысык-Көлдө өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы, президенттин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаковдун маегине дагы орун берилсе, ал эми экинчи көрсөтүүдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы өткөрүлгөн оюндар, ат оюндары, тайганчылык, мүнүшкөрлүк, манас айтуу сыяктуу кыргыздын улуттук оюндарына орун берилген.

Белгилей кетсек, 24-30-апрелге чейин “Аль-Джазира” телеканалы Кыргызстан тууралуу көрсөтүүлөрүн эфирден көрсөтө баштамакчы.

“Аль-Джазира” эл аралык телекомпаниясы 8 түрдүү тематикадагы бир катар чет тилинде эфирге чыгат. 2016-жылдан тарта Кыргызстандын жаратылышы жана маданияты тууралуу сюжеттерди көрсөтө баштаган. Араб редакциясынын материалдары Сирия, Ливан, Сауд Аравия, Бахрейн, Алжир, Судан жана башка бир катар мамлекетте көрсөтүлүп келет.

Көрсөтүүнү ушул шилтеме аркылуу көрүңүздөр

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!