Кыргызстандык жарандын абалы оор

26-Апр. 2017, Шаршемби

Санкт-Петербург шаарында өз өмүрүнө кол салган кыргыз жаранынын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 23-апрель күнү Санкт-Петербург шаарынын Дунай кең көчөсүндөгү курулуш жүрүп жаткан имаратта болгон. Анда 22 жаштагы Ы.М. аттуу кыргызстандык жаран асынып турган жеринен табылган. Учурда жабырлануучу оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканын №26 шаардык ооруканасынан билдиришкен.

«Бүгүн элчиликтин кызматкерлери ооруканага барып, дарыгерлер менен сүйлөшүп, жабырлануучунун абалы менен таанышып келишет», - деп маалымдашты элчиликтен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!