Бишкектин бир катар көчөлөрү жабылат

3-Май 2017, Шаршемби

Капиталдык курулуш башкармалыгы билдиргендей, бүгүн, 3-майдан тартып Бишкектеги бир катар көчөлөр жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, инженердик түйүндөрдө оңдоо иштерине байланыштуу калаанын Калык Акиев жана Турусбеков көчөлөрү жабылат.

«Калык Акиев көчөсү Токтогул көчөсүнөн Чокморов көчөсүнө чейин жабык болот. Инженердик түйүндөрдү оңдоо иштери Кытайдан алынган гранттын эсебинен каржыланып, ушул жылдын июль айына чейин уланат. Ал эми Турусбеков көчөсүнүн Абдумомунов көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейин бөлүгүндө жылуулук түйүндөрү оңдолуп жаткандыктан, ал май айынын аягына чейин жүргүзүлөт»,-деп айтылат маалыматта.

Мэрия жол тыгындарын алдын алуу үчүн айдоочуларды башка жолдор аркылуу каттоону өтүнөт.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!