Төрагага төш белги ыйгарылды

8-Май 2017, Дүйшөмбү

Улуу Ата Мекендик согуштун 72 жылдыгынын урматына Ички иштер министрлигинин ардагерлер кеңеши тарабынан согуш учурунда тылда эмгектенген ИИМдин ардагери, милициянын отставкадагы полковниги Сагынбек Чоюнбаев жана милициянын отставкадагы полковниги Эшенкул Усубалиевге акчалай сыйлык жана белектер берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токмок шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Темир Асанбековго Путилин атындагы төш белги ыйгарылды.

Ошондой эле ИИМдин ардагерлер кеңешинин мүчөсү, милициянын отставкадагы подполковниги Абдылас Мамкулов Чүй районунун Алчалуу айылында сый-тамак уюштурду. Сый-тамакка ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү катышып, Мамкуловго ыраазычылыктарын билдиришти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!