​Чоң-Алай: окуучулар чатырда билим алышат

8-Май 2017, Дүйшөмбү

Чоң-Алайда болгон жер титирөөдөн улам мектепте жарака кеткенине байланыштуу окуучулар чатырда билимин улантмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы Шибээ, Жекенди, Кара-Мык, Кара-Тейит айылдарында болгон жер титирөөдөн жабыр тарткан айылдардагы мектептерден кабар алды. Министр Өзгөчө кырдаалдар министрилиги, Мамлекеттик курулуш агенттиги менен биргеликте мектеп имараттарын текшерүүдөн өткөрдү.

ӨКМнын маалыматы боюнча авариялык абалдагы 3 мектеп аныкталып, 10-майдан тарта окуучулар билимди чатырлардан улантуу чечими кабыл алынды. Жаңы окуу жылында Шибээ айылында жаңы мектеп курулса, калган 2 мектеп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!