Эрматов атындагы фестиваль өткөрүлөт

8-Май 2017, Дүйшөмбү

Жаш акын-жазуучулардын Эгемберди Эрматов атындагы республикалык адабият фестивалы жыл сайын 24-26-майда Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүлөт. Бул тууралу КРнын улуттук жазуучулар союзунан билдиришти.

Фестивалга 35 жашка чейинки акын-жазуучулар катышып, алардын чыгармалары окулуп, талкуулар болот.

“Жаш акын-жазуучуларды колдоо максатында фестивалдын алкагында үч багыт боюнча байгелер уюштурулган.
Байгелер эң мыкты чыгармалар боюнча:
-эң мыкты поэзия
-эң мыкты проза
-эң мыкты адабий изилдөө
деген номинацияда берилет.

"Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталат жана аларга жаш акын-жазуучулардын Эгемберди Эрматов атындагы адабият фестивалынын лауреаты деген төш белги жана акчалай сыйлыктар берилет”,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!