​Жеңиш күнүнө карата көргөзмө ачылды (фото)

8-Май 2017, Дүйшөмбү

Бишкектеги борбордук «Ала-Тоо» аянтына Жеңиш күнүнө карата сүрөт көргөзмө ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Көзгө жаш алдырган майрам» сүрөт көргөзмө Улуу Ата Мекендик согуштун 72 жылдыгына арналган.

Сүрөт көргөзмөнүн ачылышына Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, биринчи вице-мэр Эрнис Зарлыков, вицэ-мэр Айгүл Рыскулова, Бакытбек Дюшембиев, шаардын район акимдери катышты.

Мында Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки жылдардан кийин тартылган 100дөн ашуун эмгектер көргөзмөгө коюлган.

Мэрия буга чейин Аялдардын эл аралык күнүндө, Нооруз майрамына, Апрель элдик революция күнүнө карата сүрөт көргөзмө уюштурган.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!