Тойду бекер тейлеген топ пайда болду

11-Май 2017, Бейшемби

Кыргызда “аш болсо каада көп” дегендей күн жылып, күз мезгили жакындаган сайын тойлордун дагы сезону башталат. “Эл эмне дейт” деп насыя алып, карызга белчесинен батып, бар тапканын тойго жумшагандар көп. Мына ушул көйгөйдү алдын алууда, ысырапкерчиликке жол бербөө максатында “Эл аралык кыргыздар” ассоциациясынын координатору, тамада Эрлан Жыргалбек уулу тойлорго акысыз кызмат көрсөтүп жатышканын "Zaman.kg" сайтына айтып берди.

“Биздин башкы максат ысырапкерчиликти азайтуу”

- Бүгүнкү күндө кыргыз коомунда актуалдуу маселелердин бири болгон ысырапкерчиликке көбүрөөк көңүл буралы деп чечтик. Быйыл Ыйман, адеп жана маданият жылына карата "Эл аралык кыргыздар" ассоциациясынын негиздөөчүсү жана төрагасы Нурмухаммед Миңбаевдин демилгеси жана колдоосу менен «Эконом KG» программасынын негизинде тойлорду акысыз өткөрүп берүү ишин баштадык. Бул долбоордун негизги максаты - биринчиден, өзү айтып тургандай үнөмдөө, ысырапкорчулукка жол бербөө болуп саналат. Себеби көптөгөн жигиттерибиз куру намыс менен атаандашуу, эл эмне дейт деген сөздүн айынан үйлөнө албай, канча жыл чет жерлерде иштеп, кашыктап чогулткан акчасын, чөмүчтөп той берем деп асманга сапырып жиберип жатышат. Насыяга акча алып карызга баткандар дагы арбын. Эки айдан кийин карызын кутулуу үчүн чет жерде иштегенге мажбур болуп жатпайбы. Ошондой тойду алкоголдук ичимдиги жок, маданияттуу өткөрөлү деп чечтик.

Акысыз кызмат көрсөтүүдө 100 миң үнөмдөлгөн

- Биздин тойдо акысыз кызматтар тууралуу айта турган болсом, учурда 10 кызматкер жана мындан тышкары ыктыярчылар бар. Алар тамада, оператор, фотограф, музыкалык аппаратуралар, такси кызматтарын алып баргандыктан булардын баары биз тараптан акысыз болот. Бул нерселерге эле 100 миңдей акчалар жумшалат экен. Ошондо биз той ээсине ушунча каражат үнөмдөп, жардам берген болобуз. Ал акчага жаш үй-бүлө чакан ишкердик баштап алышса, өздөрүнүн үй-бүлөлүк киреше булагына чоң өбөлгө түзүлөт. Болгону той ээлери биздин сунушубузга көнүнүшү керек. Алардан акча талап кылынбайт. Тойду ичимдиксиз өткөрүү, ысырап кылып 3-4 жолу түрлөнтүп тамак берүү эмес эки тамак менен эле өткөрүү. Учурда кафе ресторандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгер сиз бир кафеге барып бир кишиге 700-1000 сом боло турган болсо. Биз өткөргөн тойлорго 200 сомго жакын баасын түшүргүлө деп жатабыз.

«Үч тойду акысыз көрсөттүк, эл колдоого алууда»

- Азыркы учурда социалдык тармактарда көп эле талкууга алынган көрүнүштөрдүн бири тойдо орун алган тамадалардын обу жок оюндарын ойнотуп жатышы. Ичимдиктин көп болгондуктан уруш-талаштар дагы болуп жатат. Биз тойдун талабына жооп берген, коноктордун маанайын ача турган, кызыктуу оюндарды иштеп чыгып, тойду маданияттуу өткөрөлү деп чечтик. Келген мейманды да ыраазы кыла турган кызмат көрсөтүү. Биздин бул ишти баштаганын бир айдай убакыт болду. 3 баланын тоюна акысыз кызмат көрсөттүк. Тойду өткөрүп бүткөндөн кийин элден, үй ээсинен «той жактыбы, эгер кемчиликтер болсо аны оңдойлу» деп сурап жаттык. Алардан баары биз ооздон рахмат айткандан башка сын-пикирлерди укпадык. Үч той өткөргөндөн кийин эле эл колдоого алып, жайылталы деп демилге көтөргөн жарандардын катары өсүп жатат. Бул нерсени дагы белгилеп кетчү жагдай тойду өткөрүүдө үй-бүлөнүн, той ээсинин социалдык экономикалык абалына карабайбыз. Ал байбы, кедейби тойдү өткөрүп, ысырапкерчиликке жол бербеген, үнөмдүү, кыргыздын каада-салтына туура келген тойдуу калк арасына жайылтып жана модага айлантуу.

Тойлордогу акысыз кызматтар аймактарга жайылтылат

- Биздин программа менен той өтсө 100 миң сомдун айланасында акчасы үнөмдөсө болот. Ошондо бир жылда 200 бала үйлөнсө 20 млн сомдой үнөм болот экен. Биздин бул программабыз менен карызга батып, урушуп-талашпай ажырашкандардын саны азаят, тойго кетирем деген акчасына кичи бизнес ачып алса да болот, дагы көп пайдалары бар деп ойлойм. Бул иштерди өлкөбүздүн бардык аймагында жайылтууга аракет кылабыз. Кудай буюрса той өткөрүүнүн бир моделине түшүрүүгө алсак, эки жылда калыбына түшөт. Бул ишибиз мекенибиздин бардык аймактарына, айыл-кыштагына тараса элибиз үчүн чоң ийгилик болуп, куру намыс деген илдеттен арылып, экономикалык жактан аз да болсо салым болот. Ысырапкорчулукту азайтуу, токтотуу керек деп сөз менен айтып, иш жүзүндө баштабасак эч кандай майнап чыкпайт. Андыктан аз-аздан баштоо учур талабы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!