Бишкек шаарынын маданият башкармалыгы маалымдагандай 20-майда Бишкекте биринчи жолу "Музейдеги түн" иш-чарасы өтөт.
18:00-22:00дө С.А.Чуйков атындагы үй-музейинде экскурсия өтүп, сүрөтчүнүн чыгармачылыг тууралуу тасма көрсөтүлөт.
19:00-22:00дө сүрөтчү В.Ф.Руппелдин чебер-классы болот.
20:00-21:00дө Э.Болотбековдун чебер-классыны бардык каалоочулар катыша алышат.
21:00-22:00дө музейге келгендер үчүн З.Умарованын кол өнөрчүлүк, квилинг боюнча чебер-классы өтөт.
18:00-22:00дө О.Мануилованын үй музейинде КР скульптору тууралуу экскурсия өтөт.
19:00-20:00 Д.Жолчуев чебер-класс өткөрөт.
20:00-22:00дө Ш.Ыманбаев жана Рахманалы уулу Эдилбек чебер-класс өткөрүшөт.
Мэрия шаар тургундарын жана конокторун иш-чарага катышып кетүүгө чакырат. «Музейдеги түн искусство, чыгармачылык чөйрөлөр боюнча өтүп, келгендер музейдеги экспозицияларды көрө алышат”,- деп айтылат маалыматта.