Макмалга баруучу унаа каттамы токтотулду

11-Май 2017, Бейшемби

Казарман-Макмал унаа жолунун кыртышы бузулуп каттам убактылуу токтоду. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 9-май түнү саат 23:00 чамасында Казарман айылындагы Макмал алтын комбинатына баруучу (кен таашуучу) Казарман-Макмал унаа жолунун 46-чакырымында, жолдун кыртышы бузулуп жолдун орду ылдыйга карап сүрүлүп, унаа жол жабылган. Жабыркагандар жок.

Жолдун сүрүлгөн жеринине Макмал алтын комбинатынан 2 экскаватор, 2 ХОВО тартылып калыбына калыбына келтирүү иштерин жүргүзүшкөн.

Белгилей кетсек, бүгүнтөн тарта жумуш улантылат

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!