​“Көгүчкөн” бала бакчасы пайдаланууга берилди

12-Май 2017, Жума

11-майда Баткен обулусунун Кадамжай районунун Кыргыз Кыштак айыл аймагынын Кайтпас айылында 100 балага ылайыкталган “Көгүчкөн” балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Бала бакчанын ачылыш салтанатына өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлдөрү, Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондунун Баткендеги филиалынын директору, айыл аймактардын башчылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана жергиликтүү эл катышты.

“Бул балдар бакчасынын курулушу 2015-жылы башталган. 2015-жылы айыл өкмөтү тарабынан пайдаланылбай турган имаратты балдар бакчасына ыңгайлаштыруу үчүн долбоор даярдалып, Каржы министрлигинин түрткү берүүчү грантынан каржылоо жүргүзүлдү. Имараттын чатыры жабылып, эшик-терезелер орнотулду жана кааналар бөлүнүп, дубалдары шыбалды. Жалпысынан 2 млн 977 мин 215 сомдук иштер аткарылды”,-деп айтылат маалыматта.

2016-жылы КР коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо (АРИС) жана Немец өнүктүрүү банкы тарабынан каржылоо жүргүзүлүп, балдар бакчасынын курулуш иштери улантылган. Полдор кагылып, сырдалды, канализация курулуп, ашкана, кир жуучу бөлмөлөр ысык жана суук суу менен камсыздалды. Жалпысынан 1 млн 364 мин 890 сомдук иштер аткарылды.

2017-жылы Кыргызстандагы Швейцария элчилигинин каржылоосу менен “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондунун Баткендеги филиалы тарабынан “Чек ара аймактарында тынчтыкты орнотуу жана чыр-чатактардын алдын алуу” долбоорунун алкагында тарбиялануучулар үчүн зарыл болгон эмеректер, турмуш-тиричилик техникалары, оргтехникалар сатып алынып, жылытуу системасы орнотулду. Аталган фонд бул балдар бакчасына 818 мин 960 сомдук салым кошту.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!