Эртең республикалык тестирлөө өткөрүлөт

15-Май 2017, Дүйшөмбү

Кыргызстанда эртең, 16-майда жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы республикалык тестке каттоо иштери ушул жылдын 6-марттан 6-апрелге чейин жүргүзүлгөн. Ага 45 миңге жакын абитуриент катталган.

Бул жылы өткөн жылдагыдай эле тест негизги жана предметтик химий, биология, физика, математика, англис тили боюнча өтмөкчү.

Жалпы республикалык тест үч этаптан өтмөкчү:

1 этап-16-17-май

2 этап-19-20-май

3 этап-23-24-июнь

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!