Ошто карусель кулап, 8 киши жабыркады

15-Май 2017, Дүйшөмбү

Ош шаарында Алишер Навои эс алуу багында карусель кулап кетип, 8 киши жабыркады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 14-май күнү саат 18.30 чамасында болгон. Кырсыктан кесепетинен ар кандай деңгээлдеги жаракат алган 4 адам ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен 37 жаштагы аялдын абалы оор болгондугуна байланыштуу реанимацияда жатат.

Учурда бул окуя боюнча экспертиза дайындалган. Ошондой эле иликтөө ишинин жүрүшү боюнча кошумча маалымат берилет

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!