Ош менен Жалал-Абадда жер силкинди

18-Май 2017, Бейшемби

Ош жана Жалал-Абад облустарында кайрадан жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ 17-майда жергиликтүү убакыт боюнча 16:02де Кыргызстанда Сейсмология институтунун сейсмостанциясы күчү 2,5 баллга жеткен жер силкинүүнү катталган.

Сейсмология институтунун алдын ала маалыматтары боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында, Шоро-Башат айылынан батышты карай 10 чакырым, Өзгөн шаарынан түндүк-батышты карай 15, Жалал-Абад шаарынан түштүк-чыгышты карай 19, Көк-Жаңгактан түштүк-батышты карай 22, Ош шаарынан түндүк-чыгышты карай 45 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу аймактарында жер титирөөнүн күчү Шоро-Башат айылында 2,5 балл, Өзгөн жана Жалал-Абадда 2 баллга жетти.

Андан сырткары аталган Институтунун маалыматы боюнча, кечээ, 17-майда саат 21:27де Тажикстандын аймагында очогунда 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чон-Алай, Алай райондорунун жана Ош шаарынын аймагында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жок

Эскерте кетсек, 3-май күнү саат 10:47де Тажикстандын аймагында очогунда 7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ошол эле учурда Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Шибе, Карамык жана Кара-Тейит айылдарында 6 баллга жеткен. Ал эми 3-майдан бери Чоң-Алай районунда түрдүү магнитудадагы 16 жер титирөө катталган болсо, анын 8и төрт баллдан жогору болгон. Ошондой эле жер силкинүүдөн улам жалпысынан 993 турак үй текшерүүдөн өтүп, анын 8и толук жарактан чыккандыгы, 529 үй авариялык абалда экендиги жана 456 үй түрдүү оңдоого муктаж экени аныкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!