Ош шаарын суу каптады

19-Май 2017, Жума

Ош шаарын суу каптап, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздык жаратты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ 18-майда саат 16:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош шаарынын Курманжан датка жана Алишер Новои көчөлөрүн суу каптаган. Арыктарга батпай ашкан суу турак жайлардын ичине да кирген.

Ошондой эле Ак-Буура дарыясында суунун көлөмү көбөйдү.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!