УКМК Жапаровдун ишин Башкы прокуратурага жөнөттү

19-Май 2017, Жума

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун иши тергелип бүтүп, Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Эскерте кетсек, 25-мартта УКМК мурдагы депутат Садыр Жапаровду чет өлкөдөн Кыргызстанга киргенде камакка алган. Тергөө органы тарабынан Жапаровго адамдардын тобу менен алдын ала макулдашуу боюнча адамды барымтага алып кармоону, кызматтык милдетин аткарышына байланыштуу бийлик өкүлүнүн өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүүнү, өлтүрөм деп коркутууну жана күйүүчү заттарды колдонуу жана укук коргоо органдарына каршылык көрсөтүү менен хулигандык жасоону уюштурган деген айып угузулган. Биринчи Май сотунун чечими менен аны №1 СИЗОго эки айга камакка алышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!