25-май: тартипти 4 миңден ашык адам камсыздайт

23-Май 2017, Шейшемби

Акыркы коңгуроо күнү Кыргызстан боюнча коомдук тартипти 4 миңден ашык адам камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын жашы жете электер иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Азамат Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, быйыл жалпысынан 9-классты – 92 миң жана 11-классты - 62 миң бүтүрүүчү аяктап жатат. Ошондой эле “акыркы коңгуроо” күнү саат 08:00до коомдук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жардыргычтардын болушун текшерген милиция кызматкерлери келишет.

“Республиканын аймактарындагы жалпы билим берүү мекемелерине облустук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылып, салтанат өтүүчү ар бир мектеп күч кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнөт. Алар окуу жайларда 11ге чейин болушуп, андан соң бардык күч парктарга жана сэ алуу бактарына багытталат”,- деди ал.

Андан тышкары Абдрахманов республика боюнча бардык ички иштер органында массалык иш-чараларга мониторинг, байкоо жана координация жүргүзүүчү штабдары түзүлөрүн билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!