Жаш кыз жалган кылмыш ойлоп тапты

29-Май 2017, Дүйшөмбү

Москва шаарында 20 жаштагы кыргыз кызы бир тууган эжесинен 1 миллион рубль өндүрүү максатында өзүн жалган барымтага алынган адам катары көрсөткөндүгү белгилүү болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев "Фейсбуктагы" өздүк баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, 26-майда аталган өкүлчүлүккө Миграция өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Доорбек Абдразаков жана Надыр Мурас телефон аркылуу Москвада барымтага алынган кыргызстандык жаш кыз жардамга муктаж экенин шашылыш кабарлашкан. Окуяны териштирүү иштери ыкчам жүргүзүлүп, чоо-жайы аныкталган.

“22-майда Кыргызстандын жараны болгон 20 жаштагы К.К.А. аттуу кыздын бир тууган эжесине белгисиз кыргыз улуттундагы 4 жигит байланышып, сиңдиси барымтага алынганын айтышкан. Кыздын эжеси Чита шаарында эмгектенип жүргөн. Байланышка чыккандар 1 миллион рубль суммасындагы акчаны сиңдисинин банктагы картасына которууну талап кылышкан. Эгерде айтылган акча берилбесе кызды өлтүрүп, органдарын сатып өткөрө турганын айтышкан”, - деп айтылат билдирүүдө

Бул окуя боюнча ИИМдин өкүлчүлүгү Москва шаарынын Кылмыш Иликтөө Башкармалыгына тез арада билдирилип, ыкчам текшерүү иштери менен кечээ, 27-майда барымтада делген кызды табышкан. Бирок, окуянын чоо-жайы башкача болуп чыккан.

“20 жаштагы Айбара аттуу кыз бир тууган эжесинен акча өндүрүү максатында 4 кыргыз бала аны уурдап кеткени тууралуу окуяны оюунан чыгарганы белгилүү болду. “Көргөндөн көрө элегиң көп”, - дегендей милицияда 20 жылдан бери кызмат өтөп ушундай окуяны биринчи көрүшүм. Байкуш эжеси сиңдимди өлтүрүп коюшат деп тызылдап ыйлаганычы…”, - деп жазган укук коргоочу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!