Жол кырсыгынан 9 киши жабыркады

30-Май 2017, Шейшемби

29-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү айылында жол кырсыгынан 9 киши жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсыкка кабылгандардын экөө каза таап, 6 киши ар кандай жаракат алып, Баткен облусттук ооруканага жаткырылган.

Жабыркандардын арасында жаш балдар дагы бар. Алардын баш мээси чайкалып, травма алышкан. Учурда тийиштүү медициналык жардамды алышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!