Чүйдө уурулукка шектүү катары 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-инюда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-май күнү арыз менен Ысык-Ата РИИБине 18 жаштагы Юрьевка айылынын тургуну Л.Е. кайрылган. Себеби 27-февраль күнү белгисиз адамдар арыздануучунун үйүнө эч тоскоолдуксуз киришип, 4000 сомдук темир кыскычын уурдап кетишкен. Бул факты боюнча тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш- аракеттердин натыйжасында Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип 27 жаштагы Юрьевка айылынын тургуну К.В. кармалып, үй камагына алуу боюнча чечим чыгарылган.
Учурда тергөө иш амалдары жүргүзүлүүдө.