Сел жайлоодогу боз үйдү агызып кетти

20-Июнь 2017, Шейшемби

Алай районундагы Ничке жайлоосунда сел боз үйдү агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 19-20 июнь күнү түнү менен жааган жаандын кесепетинен Алай районундагы Ак-Босого айылында Ничке жайлоосунда К.Жумаев атту жаран колоттун ичине боз үй тигип, жергиликтүү тургундардын мал жандыктарын карап жүргөн.

Катуу жааган жаандын кесепетинен тигилип турган боз үйүн сел толугу менен агызып кеткен.

«Кырсыктан жабыркагандар жок. Жеринде тактоо иштерин жүргүзү үчүн Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы майор Дайырбек Каримов жөнөп кетти»,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!