Казань жана Уфада кыргыз маданият күндөрү өтөт

22-Июнь 2017, Бейшемби

"Кыргыз Республикасынын маданият күндөрү" Россиянын Казань жана Уфа шаарында белгиленмекчи. Бул тууралуу 22-июнда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын маданият күндөрүнө арналган концерт 22-июнда Татарстандын борбору Казанда, 23-июнда Башкортостандын борбору Уфа шаарында өтмөкчү. Чыгармачыл топ аталган шаарга учуп барды.

Концерттик иш-чарада Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артисттери, А.Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисттери өз өнөрүн тартуулашат.

Ошондой эле КРнын эл артисти Керим Турапов, КРнын эмгек сиңирген артисттери Анара Нургалиева, Эльнура Самарбекова, Бактыбек Ыбыкеев, «Ак Марал» бий ансамбли, «Камбаркан» ансамбли, «Акак» комузчулар ансамбли, кыргыз эстрада ырчылардан Юлия Руцкая, Аксай Мукамбет уулу, Кайрат Примбердиев, Токтобек Асаналиев жана башка белгилүү ырчылар жандуу чыгармаларды аткарышмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!