​«Сейде» тасмасы фестивалда көрсөтүлөт

23-Июнь 2017, Жума

Элнура Осмоналиеванын «Сейде» тасмасы «Кыскаметраждуу кино: Панорама» деп аталган Москвада өтүүчү 39-эл аралык кино фестивалга катышууда. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Эл аралык кинофестиваль 22-29-июнга чейин созулат. "Сейде" кыска метраждуу тасмасы 2015-жылы тартылган.

Сценарий боюнча Сейде тоолуу айылдардын биринде жашайт. Ал өзүнүн жакшы көргөн атын минип балдар менен ат оюндарын ойногонду жакшы көрөт. Бир күнү Сейдеге куда түшүп келишет. Ата-энеси макул болуп, тоюна анын сүйүктүү атын союну чечишет. Кыз турмуш курууга эптеп макул болсо да атын сойдурууга даабайт.

Тасманын узактыгы 12 мүнөткө созулат. Тасма кыргыз тилинде тартылып, орусча субтитр менен коштолгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!