Москвада эки кыргыз жараны каза болду

23-Июнь 2017, Жума

Москвада кудукка түшүп кетип, эки кыргызстандык жаран каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин расмий сайтында жарыяланган.

Маалыматка караганда, Россиянын ӨКМнын маалыматы боюнча Москва шаарындагы Кунцево районундагы Боженко көчөсүндөгү агынды суулар топтолгон кудукта иштеп жатып, 5 киши каза тапты. Алардын экөө Кыргызстандын жарандары болуп чыкты.

Элчиликтин кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөп кетишкен. Каза болгондордун өздүгү такталгандан кийин гана кыргызстандыктар жөнүндө маалымат берилет. Учурда бул маселенин үстүнөн элчилик иштөөдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!