Баткен, Сүлүктү шаарында аттракциондор жабылды

23-Июнь 2017, Жума

Баткен жана Сүлүктү шаарларында жайгашкан эс алуучу жайларындагы аттракциондордун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

Аттракциондор техникалык талаптарга жооп бербейт жана уруксаат кагаздары жок иштеп келген. Мамэкотехинспекциянын инспекторлорунун текшерүүсүндө, Баткен шаарынын мэриясынын алдында 2 оюн-зоок аянтчасы жана Сүлүктү шаарындагы эс алуучу аттракциондорунун техпаспорту, атайын адистердин иштөөгө уруксаат берүүчү кагаздары, ошондой эле 20 жылдан бери оңдоп түзөө, майлоо иштери жүргүзүлгөн эместиги аныкталган.

Жеринде инспекторлор тарабынан мерия өкүлдөрүнө бир айлык мөөнөттө аныкталган кемчиликтерди жокко чыгаруу боюнча эскертмелер берилип, аттракциондор электр энергиясынан ажыратылды. Коюлган талаптар аткарылганга чейин аталган аттракциондордун ишмердүүлүгү толугу менен токтотулду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!