Теракт уюштурууну көздөгөн топ кармалды

28-Июнь 2017, Шаршемби

Чек арага жакын жайгашкан аймактарда теракт уюштурууну көздөгөн террордук уюмдун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1983-жылы туулган О.Д., 1989-жылы туулган Р.Н., 1986-жылы туулган К.С. жана 1996-жылы туулган Я.К. аттуу кыргыз жарандары кармалган. Алар колго жасалган жардыруучу зат жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү максатында чек арага жакын жайгашкан аймактарда жардырууларды уюштурууну пландап жаткандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча "терроризм актысын даярдоо", "террорчулук ишти каржылоо", "мыйзамсыз түрдө куралдуу кошуундарды уюштуруу жана ага катышуу", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү", "экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу" беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жарандар УКМКнын тергөө жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!