Жылуулук тутумуна 400 миӊ доллар бөлүнөт

28-Июнь 2017, Шаршемби

Жогорку Кеӊеште Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу боюнча долбоорун даярдоо үчүн грантты берүү тууралуу КР Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы макулдашуу каралып, баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештен билиришти.

Макулдашууга ылайык, Дүйнөлүк банк Бишкек шаарынын жылуулук тутумун жакшыртуу боюнча техникалык документтерди иштеп чыгуу багытында 400 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлмөкчү. Андан сырткары, жылуулук тутумунун өзүн жакшыртууга 25 млн доллар жумшалмакчы.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, Дүйнөлүк банк менен Бишкек шаарынын жылуулук менен камсыз кылуу тутумунун абылын жакшыртуу багытында грантык жардам боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. «Келишимге ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 400 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Аудитордун жумуштарды жүргүзүү үчүн да каражат каралууда», - дейт ал.

Андан тышкары, гранттык каражат толугу менен «Бишкек жылуулук тутуму» ишканасына бериле турганы белгилүү болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!