​Кенже Дүйшеева: "“Жебе” тобу таркабайт”

30-Июнь 2017, Жума

Төрт жигиттен куралган «Жебе» тобунун жигиттери кыргыз эстрада айдыңында жагымдуу чыгармалары менен эл оозуна алынып, белгилүү топтордун катарында десек жаңылышпайбыз. Топтун жетекчиси Кенже Дүйшеева “Жебе” тобу тарайбы деген маалыматты төгүнгө чыгарды.

"“Жебе” тобу менен жигиттердин ортосунда түзүлгөн 5 жылдык келишим аяктаган. Бирок ага карабастан быйыл алтынчы жылга кетип отурат. Топ мурдагыдай кандай иштеп кылса, мындан ары дагы жапа тырмак иштей бермекчибиз. “Топтогу курам чачырайт” деген маалымат жалган. Аны ким ойлоп тапты билбей турам. Эрте менен дагы топтун жигиттер ушундай маалыматты айтышты. Угуп алып таң калдым. Топко карата кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы бар окшойт”,-деди Кенже Дүйшеева.

Ал “Жебе” тобу күз мезгилинде өтө турчу концертке даярдык көрүп жатканын кошумчалады.

“Учурда топтун ар бир ырчысы өздөрүнө туура келген ырларды жаздырып, клиптерди тартуу менен алек. Бул нерсе дүйнөлүк тажырыйбада дагы бар. Кайсыл гана топ болбосун анын курамындагы ырчылар жалгыздан ырдай берет. Биз дагы ар биринин ырдап, күз айларында өтө турган “Жебе” тобунун концертине даярдык көрүүдөбүз”,-деди ырчы.

Эске салсак, кечээ, 29-июнда жергиликтүү интеренет сайттардын биринде "Кенже Дүйшеева “Жебе” тобун таркатабы" деген маалымат тараган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!