Айдоочулук күбөлүк Россияда жарактуу болот

5-Июль 2017, Шаршемби

Бүгүн, 5-июлунда Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын пленардык жыйынында Мамлекеттик Думанын депутаттары ишкердик жана эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын жарандарына транспорттук каражаттарын башкарууда айдоочулук күбөлүктөрүн пайдалануу укугун берүү тууралуу Россия Федерациясынын Президентине кайрылуу жөнүндө Токтомду бир добуштан кабыл алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Аталган кайрылууда транспорттук каражаттарын башкарууда айдоочулук күбөлүктөрүн пайдалануу укугуна тыюу салуу жана россиялык айдоочулук күбөлүк алуу тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы негизинен айдоочулардын орус тилин жеткиликтүү деңгээлде билбеген себебинен келип чыккандыгы айтылат, бирок, ошону менен бирге эле орус тили Кыргыз Республикасынын Конституциясында расмий тил катары бекитилгендиги жана бул кыргызстандык жарандардын орус тилин, анын ичинде жол эрежелерин орус тилинде жакшы өздөштүрүүгө өбөлгө болоору белгиленген.

Бул маселе Кыргызстан менен Россиянын ортосунда ар кандай деңгээлдерде көтөрүлүп, акыркы жолу Кыргыз Республикасыныны Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Россиянын жетекчилиги менен жолугушууда маселени көтөрүп чыккан. Анын жыйынтыгы катары бүгүн РФнын Мамлекеттик Думасы тийиштүү токтом кабыл алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!