Сел бир айылдын таш талканын чыгарып кетти

10-Июль 2017, Дүйшөмбү

Араван районундагы катуу жүргөн сел төрт үйдү каптап, беш унааны агызып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-июлда саат 16:00 чамасында аталган райондун Кичи-Алай айылынын Торпу аймагын катуу жаандан кийин колоттордон аккан сел суусу каптап, 4 үйдүн ичине кум-шагыл толуп, авариялык абалга келген. Андан тышкары, 1 үйдүн короосун сел калдыктары каптап, 5 унааны сел суусу агызып кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, адамдар жаракат алган жок.

“Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев барып, көзөмөлгө алууда. Жабыркагандар үчүн 4 чатыр тигилип, азык-түлүк жеткирилди.

Сел 800 метр ички чарбалык жолду, ички чарбалык көпүрөнү жана 4 электр мамычасын жараксыз абалга келтирген. Учурда ӨКМдин 34 куткаруучусу жана жергиликтүү тургундар селдин кесепеттерин жоюу иштерин улантып жатат”,- деп айтылат ӨКМнын билдирүүсүндө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!